Төрага өкмөт өкүлүнө: "Элементардык суроолорго жооп бере албагандан кийин депутаттардын суроолоруна жооп бермек белеңер?"

21-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Анын жүрүшүндө Казакстан менен Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасындагы айырма 10 сомго чейин жеткени айтылды.

Бул боюнча бир катар депутаттар маселе көтөрүшкөндөн кийин төрага Дастанбек Жумабеков Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаевге баалардагы айырмачылык кайдан чыгып жатканы тууралуу суроо берди.

"Күйүүчү-майлоочу майлардын баасындагы мындай айырма кайдан келип чыгып жатат деген көп суроо болду. Бүгүнкү күндө импорттолуп жаткан күйүүчү майларга литрине аксиздик марка коюлабы?" - деди төрага.

Жыргалбек Сагынбаев бааларга комитет жооп бербей тургандыгын айтты.

"Ушундай элементардык суроолорго жооп бере албай жатканда депутаттардын суроолоруна кантип жооп бересиздер. Аксиздик марка ар бир литрине алынат. Бир айдан бери ушул маселе чыгып жатат. Сиздер тараптан түшүндүрүү иштери болгон жок. Эртең эле биз Казакстандан күйүүчү майды алсак аксиздик марка коюлат. Анын салыгы бар. Ошолор тууралуу түшүндүрмө бербейсиздерби?" - деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан