Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 21-февралда өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Мындай маалыматты өлкө башчысынын расмий сайты жарыялады. Андагы маалыматка караганда, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп Аскар Мамин дайындалды.
Ал эми өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөт курамы бекитилген убакытка чейин убактылуу милдеттерин аткарып турушмакчы.
Бүгүн, 21-февралда эле Нурсултан Назарбаев өлкө үчүн маанилүү чечим кабыл алганын айтып, өкмөттү отставкага кетүүгө чакырган. Назарбаевдин мындай кадамга баруусуна көтөрүлгөн маселелер аткарылып жатканы менен, маанилүү багыттар боюнча жыйынтыктар жок болуп, элдин жашоо деңгээли көтөрүлбөй жатканы себеп экенин белгилеген.
Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев аталган кызматка 2016-жылдын сентябрында келген.