Астротөлгө: 24-февралда төрөлгөндөр бирөөнүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн өйдө коюшат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

Бул күнү төрөлгөндөр камкор жана түшүнүктүү болгондуктан түбөлүктүү түгөй болууну, бирөөгө пайдасы гана тийип турушун каалашат. Ушул өзгөчөлүгү менен адамдарды өзүнө тартып турат. Кээ бир учурда сырдуу же түшүнүксүз болуп көрүнүшөт. Эрктүү, эч кимден жардамын аябаган элпек, ак көңүл мүнөзү бар. Бирөөнүн басмырлоосун көтөрө алышпайт. Харизмасы жана дипломатиялык мамилеси бардык ийгиликтердин башаты. Бат-бат өзгөрүп турат, ошондуктан айланасындагылар аны түшүнө бербейт. Көйгөлөр жаралса башкалар сымал маңдайга жазганы деп баш ийип бербестен, аракетин токтотпойт.

Сыйчыл жана боорукер сапаты бирөө менен кайым айтышууга алып барбайт, тескерисинче бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө түртөт. Жакындарынын же досунун кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгынан өйдө коёт. Анткени коомго пайдалуу адам болуу - алардын жашоодогу милдети.

Өзүнө карата кандай жакшы мамиле кылынса кайра ашыгы менен кайтарышат. Эркиндикти баалаганы менен, үй-бүлө куруу да биринчи орунда экенин жакшы түшүнүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан