Чүйдө жеңил унаа бакты сүзүп 22 жаштагы айдоочу жана 17 жаштагы жүргүнчү каза болду

Чүйдө жеңил унаа бакты сүзүп, кырсыктан 22 жаштагы айдоочу жана 17 жаштагы жүргүнчү каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, 25-февралда саат 21:30 чамасында Аламүдүн районунда катталган.

"Түштүк тарапты көздөй бараткан БМВ-530 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, Ауэзов жана Кырман көчөлөрүнүн кесилишиндеги даракты сүзүп алган. Натыйжада 22 жаштагы айдоочу жана 17 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир 21 жаштагы жүргүнчү оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан