Бишкек-Ош унаа жолунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуя кечээ, 24-ноябрда түндө орун алганын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
"Жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында, тагыраагы, Жайыл районунда болгон. Бишкекке келе жаткан Хонда Степ унаасы жолдун чекесине чыгып кетип, карама-каршы тилкеде келе жаткан Мерседес Спринтер менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Каза болгондордун арасында 4-5 жаш чамасындагы бала болгон. Мындан тышкары, 8 адам жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда.
Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы каза болгондордун бири кичинекей бала, үчөө аялдар болгонун маалымдады.