Ош шаарында 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Мындай маалыматты шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 24-июлда саат 18:17 чамасында Разаков көчөсүндө орун алган.
"Түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан Дэу Тико үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкеде келе жаткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшүп кеткен. Дэу Тико унаасынын ичинде 3 адам болуп, кырсыктын кесепетинен жашы 30дар чамасындагы жүргүнчүсү каза болду", - дейт маалымат кызматынан.
Аталган башкармалык кичи автобус жүргүнчү ташыбай турганын кошумчалады.