Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 4 адам ооруканага түштү. Мындай маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-февраль күнү саат 00:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 609-чакырымында, тактап айтканда, Прогресс айылындагы унаа жолдо болгон.
"ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну М.Т. айдап бараткан. Айдоочу жолдо бара жаткан КамАЗ унаасын артынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 22 жана 20 жаштардагы төрт адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Бул жол кырсыгы боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.