"Мен бош убактымда шапкемди ылдый кийип алып Бишкектеги Бейшеналиева жана Кулиев көчөлөрү жакка барам. Ал жакта эл түкүрбөй, адептүү болуп калышыптыр". Мындай пикирин депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал ишке кирген жаңы кодекстердин негизинде шаар ичи бир топ тартипке келип калганын айтты.
"Мен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жагынайын деп айткан жерим жок. Чындыгында Бишкекте эл түкүрбөй калыптыр. "Ош базарын" шапкемди ылдый кийип алып айланып келем. Жакшы нерсе көрсөм шапкемди өйдө көтөрүп калам", - деди Жолдошбаев.
Жыйында аталган комитеттин 2018-жылдын 26-июнундагы чечиминин аткарылышы боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы угулуп жатат.
Өткөн жылдын 1-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айткан. Атүгүл аларды көргөндө же өз унаасы менен жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалаган. Анын бул кеби коомчулуктун сынына калып, талкуу жараткан.