Бүгүн, 26-февралда Чүй облусуна караштуу Кемин, Москва райондорунун жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Кемин районунун акими болуп Нурлан Шаршеналиев, Москва районунун акими болуп Өмүр Ногоев дайындалса, Данияр Арпачиев Тоң районун жетектемей болду.
15-февралда өкмөттүн жыйынында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталган. Буга 2018-жылда аймактарды өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында пландалган иштер чала аткарылып, максатына жетпей калганы себеп болгон.
Жыйынтыгында өкмөт башчынын буйругу менен Аксы, Токтогул, Ноокен, Ак-Суу, Тоң, Кемин жана Москва райондорунун башчылары жумуштан алынган.