Ыманберди Досбаев Аксы районунун акими болуп дайындалды

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун акими болуп Ыманберди Досбаев дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 12-мартта өкмөттүн басма сөз бөлүмү кабарлады.

Досбаев учурда 57 жашта. Ал 1999-2001-жылдары Таш-Көмүр шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2001-2002-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында эксперт, 2002-2005-жылдары Кара-Көл шаарынын мэриясынын вице-мэри, 1-вице-мэри, ошондой эле Чаткал жана Токтогул райондорунда аким болуп иштеген. Андан сырткары 2009-2010-жылдары президенттин кеңешчисинин жардамчысы, 2010-2011-жылдары Убактылуу өкмөттүн аппаратынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары, башчысы болуп эмгектенген.

Аксы районун буга чейин Масалбек Мырзамамытов жетектеп келген. Ал 22-февралда өкмөт башчынын буйругунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан