Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделип жатат

Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.

Азыркы тапта Каракол шаардык №15-бөлүмдөн 4 куткаруучу жана Жети-Өгүз райондук №36-өрт куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, жалпы 14 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
medya123
2019-03-03 17:47:24
Жайы, кышы тынбай эле балык кармашат. Эколог, учасковый дегендер жон эле журушот долясын алып коюп. Колдо балык калбай калды, балдарыбызга жомок кылып айтып беребизго кийин ушул жакта балык коп болчу деп.
-15
bek_tash
2019-03-03 18:58:25
medya123, АДАМ жок болуп жатса, "балык" дейсиң го.
+18
Nargiza1987k
2019-03-03 19:40:50
bek_tash,тобаа ошон айтсан
+4
medya123
2019-03-04 10:36:50
Nargiza1987k,тунку 3то барсанар силерда жоголосунар. Еще уурдаганы... Жан багыш керек деп уурдай берсе боло береби.
-1
Kroxa
2019-03-03 22:56:55
Тунку 3то балыкка баргандары балээ го.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-03 23:50:36
Тиргилик да туугандар,бирдемеге жарап калсын дешсе керек да.Кандай окунучтуу
+4
aerforce
2019-03-04 00:02:45
түнкү 3тө жыргаганын барды дейсиңерби байкуштар көр тириликтин айынан бала чака багабыз деп жүрүштүда бирин бири куткарам деп чөгүп кетсе керек
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан