2-мартта Шотландияда футболдук ассоциациялардын эл аралык кеңешинин жыйыны өтүп, оюн эрежелерине жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.
Жаңы эрежелер футболдо чоң өзгөрүүлөрдү алып келбегенин, бирок айрым кемчиликтер жоюлуп, талаш жараткан учурлар азая турганын футбол эксперттери белгилешүүдө.
Жалпысынан 7 жаңы эреже кабыл алынып, ушул жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет.
1. Гол жараткан же голдук пас чыгарып берген оюнчунун колу топко атайылап эмес, кокустан тийип кетсе да эреже бузулган болуп саналып, киргизилген гол эсептелбейт. Буга чейин мындай учурларда беттештин калысы абалга жараша чечим кабыл алчу. Тактап айтканда, оюнчунун колу топко кокусунан тийип кетсе эреже бузуу катары каралчу эмес.
2. Алмашууга кетип жаткан оюнчу өзүнө жакын турган капталдагы чийин аркылуу чыгып кетүүгө милдеттүү. Мурдагыдай оюнга кирип жаткан футболчулар отурган жактан чыгып, алмашып жаткандар менен кол алышуу кажет эмес. Бул эреже убакытты созууга каршы көрүлгөн чара экендиги көрүнүп турат. Утуп жаткан команданын машыктыруучусу эсепти сактап калуу үчүн талаанын алыс аймагында жүргөн оюнчуну алмаштырган учурлар көп кездешет.
3. Айып соккуну аткаруу учурунда коргонуучу команданын оюнчуларынан турган тосмого чабуул жасап жаткан команданын оюнчулары кошула албайт. Эки команданын ортосундагы минималдык аралык 1 метрден жакын болбошу керек. Эреженин максаты - оюнчулардын кагылышуусун алдын алуу.
4. Топту оюнга кошуу учурунда айып аянтчанын ичинде дарбазачыдан башка оюнчу топко тийгенге уруксат берилди. Буга чейин топ айып аянтчасынан чыгарылмайынча башка футболчулар тийгенге болбойт эле.
5. 11 метрлик айып сокку учурунда тебилген топту тоскон дарбазачынын бир буту дарбазанын сызыгына тийип турса жетиштүү. Бирок "пенальти аткарылып жатканда дарбазачы дарбаза сызыгынан жылбашы керек" деген эреже буга чейин деле аткарылчу эмес.
6. Буга чейин машыктыруучулар оозеки түрдө эскертүү алып же талаадан четтетилип келсе, мындан ары аларга да сары жана кызыл айып кагаздары берилет.
7. Топ калыска тийип кеткен учурда оюн токтотулуп, топ талашка коюлат.