Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда сүйлөшкөн кызы үйүнөн чыкпай койгон жигит ошол эле күнү башка бийкечке үйлөнүп алган. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазууда. Маалыматка ылайык, Эрлан аттуу мырза сүйгөн кызы менен үйлөнүүнү макулдашып, ала качуу жолуна токтолушкан.
Болжошкон күнү Эрлан кызынын үйүнө келип, макулдашылган убада боюнча аны күткөн, бирок кыз үйүнөн чыкпай койгон. Ата-энесине келин алып келем деп айтып, алар даярданып алгандыктан Эрлан сүйлөшкөн кызынын жакын курбусун үйүнө алып кеткен. Жигит убадалашкан кызынын мындай жоругун өзүнө карата шылдыңдоо катары кабыл алганын билдирген.
"Ал күнү мен сүйлөшкөн кызыма эжем, жездем менен барганбыз, бирок ал үйүнөн чыкпай койду. Бул менин намысыма тийди. Үйгө чоң апалар, көптөгөн туугандар топтолуп келин келет деп кубанып жатышкан. Мен аларды көрүп үйдөн чыккам. Кандай болгондо да үйгө колукту алып барам деп чечтим.
Андан соң мен үйлөнүү тууралуу оюмду сүйлөшкөн кызымдын курбусуна сунуштадым. Эң негизгиси ал баш тарткан жок, ошентип үйгө келин алып келдим. Бири-бирибизге көнүүгө азыраак убакыт керек болду, кийин баары жай-жайына түштү", - деп айтып берген үйлөнгөн күнү тууралуу Эрлан.
Учурда бул түгөйлөрдүн 3 баласы бар экендиги жазылат маалыматта.