11-март күнү төрөлгөн адамдар ак көңүл, алдыга кандай максат койсо да ага жетмейинче жаны тынбаган, аракетчил болушат. Алар жашоосунда жөнөкөй эмес, чоң максаттарды коюп аны орундатуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Ошондой эле булар карьера жасоодо алдын ала ойлонуп, ийгилик жарата ала турган тармакты тандашат.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе сезимтал, ынак болушат. Сүйүктүүсүнө ишенимдүү өнөктөш болууга аракет кылышат. Ал эми жумуш жаатында идеяга бай болгондуктан өзү каалагандай кесипти аркалоону жактырышат. Ошондой эле жөн гана иштей бербестен кыялдарын ишке ашырып, ийгилик жаратууга ашыгышат.