Астротөлгө: 19-апрелде төрөлгөндөр менен мамиле курууну кааласаңыз креативдүү идеяларга бай болушуңуз керек

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

19-апрелде төрөлгөн адамдар ар бир ишти көзөмөлүнө алып, текшерип турууну жактырышат. Жашоодогу ыргагы - ийгиликтүү карьера жана туруктуу үй-бүлө. Бул күнү төрөлгөндөр чечим чыгарууга келгенде узак убакыт ойлонушат. "Ойчул ойлонгуча тобокелчил тоо ашат" деген бул адамдар үчүн эмес. Жаңылбагандай чечим кабыл алуу булар үчүн маанилүү.

Мырзалар мыкты атаандаш жана кыраакы келишсе, айымдар активдүүлүгү менен өзгөчөлөнүшөт. Сүйүү жаатында чыныгы романтиктер. Камкор, назик, сезимтал болушат. Ушул күнү төрөлгөн адам менен мамиле куруп калсаңыз сырдуу жана креативдүү идеяларга бай болушуңуз керек. Себеби мамиле бир типтүү болуп калса супсак сезилип, жан дүйнөсү жаңы мамилени издей баштайт.

Чөйрөсүндөгү адамдарга салыштырмалуу бийиктиктин туу чокусуна чыгууну каалашат. Жашоодо өздөрүнө чек койбойт. Кетирген кемчиликтеринен тажрыйба топтоп, улуулардын кеңешин уга билишет. Ичиндеги терс ойлорун тазалабаса көп кедергисин тийгизет. Иштеген иши офисте же кыймылды аз талап кылган болсо, салмагына көз салып турушу абзел. Ошондуктан физикалык жактан көп кыймылдап туруу сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан