Астротөлгө: 25-январь күнү төрөлгөндөр күлүп жүргөн жана жашоону сүйгөн адамдар болушабы?

25-январь күнү төрөлгөндөр жайдары, өзгөлөр менен бат тил табышып, баарлашууну жактырган, харизмасы күчтүү адамдар болушат. Буларды кээде түшүнүү да кыйын, анткени бир убакта эле кыялкечтиги жана аңдап билүүчүлүгү да иштеп турат. Идея жаатында өз ойлорун айта беришпейт. Ийгиликке жетүү үчүн бирөөгө жеңилип берүүнү, азгырылууну, көздөгөнүнөн баш тартууну билишпейт. Бул күнү төрөлгөндөр таланттуу да келишет, бирок көбү ал нерсени жашоосунда колдоно бербейт. Кыйын учурда өзүн кармай билип, кыраакылыгын көрсөтүшөт.

Күлүп жүргөн, жашоону сүйгөн бул адамдар сүйүү жаатында туруктуу келишет. Түгөй тандап жатканда сезимине эле баш ийбестен, акыл-эстүүлүк менен чечишет.

Бул күнү төрөлгөн атактуулардын арасында депутат Кожобек Рыспаев, куудул Бакыт Мукул, актриса Марал Койчукараева, испаниялык футболчу Хави Эрнандес, орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелёв жана түштүк кореялык актриса Хван Жон Ым бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан