18-январь күнү төрөлгөндөр жашоого чоң максат коюп жана ага жетүү үчүн кыйынчылыктарды оңой эле жеңе алышат. Төрөлгөндөн берилген өзгөчөлүгү - акчаны кантип табууну жана көбөйтүүнү билгендиги. Ошондуктан бул адамдар бизнес жаатын жолго коюп, аны ийгиликтүү иштетип кетишет. Жоопкерчиликтүү, өз ишин сүйүп, майын чыгара иштегендиктен акчанын үстүндө болуп, бат эле байып кете алышат. Болгону алар кызыгып, жагып жүргөн нерсеси менен алектениши керек.
Сезимтал жана берилип сүйө билген бул адамдар үй-бүлөдө ак көңүл жана ишенимдүү түгөй болуп беришет. Балдар менен бат тил табышып, алар эмнени каалап жатканын түшүнүшөт. Ошондуктан бул күнү төрөлгөн адамдардан мыкты ата-эне чыгат.
Ушул күнү төрөлүп, атактуулукка жеткендердин саны көп. Алардын катарында актёр Бектемир Мамаюсупов, япониялык кинорежиссёр Такэси Китано, орусиялык актриса Кристина Бабушкина, испаниялык футболчу Хосе Игнасио, америкалык актриса Девин Келли жана кореялык ырчы Кон Мин Жи бар.