Жол эрежесин бузуп камерага түшүп калган айдоочуларга почта аркылуу айып пулдар жибериле баштады (видео)

Жол эрежелерин бузган айдоочулар айып пулдар тууралуу алгачкы маалымдамаларды ала башташты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айып пулдар эреже бузуучуга кандай жол менен жеткирилери тууралуу видео таратты.

Видеодо эреже бузган унаанын ээсине жашаган дареги боюнча кат барат. Катты почта кызматкерлери жеткирет. Айып пул төлөөчү жаранга почта кызматкеринин түшүндүрүп бергенине караганда, маалымдаманы "бакыт каты" деп атап коюшкан. Ошондой эле видеодо айып бузуп көзөмөл камерага түшүп калган унаа кимге катталса ошол катталган ээсинин дарегине маалымдама барары түшүндүрүлгөн.

Видеотасмадагы жаран айып бузган унааны учурда башка бирөөгө сатып жибергенин айтты. Аңгыча пайда болгон жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери унааны сатар замат алуучуга дароо каттатып салуу керек экендигин түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baicho_0707
2019-03-11 11:25:58
Ызычуу эми башталат!
+4
Eka.kg
2019-03-11 11:35:24
ХХХХ көрсөттү эле номурга пленка жармаштырып алса камерага тушпой калат деп. Ошондой кылат окшойбуз.)
+1
zhykyo
2019-03-11 13:30:51
Показуха
0
Krai
2019-03-11 14:03:39
Кыргызча суйлосонор олосунорбу же тилинер тешилеби киргиздер
0
Jelezo
2019-03-11 21:09:37
Туура эле мыйзам бузбасан штаф жок этиятап айдагыла акчасы коптор толоп койуп айдай бергиле каалагандай.
0
adila_suimonkul
2019-03-12 01:20:57
булар озулору эле суйлошуп алгандайго сразу толоп берип бирого сатып жиберген машинасынын штрафын
0
adila_suimonkul
2019-03-12 01:22:11
ой жугуртсонор видиого жакшылап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан