11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жооп берди.
Анын айтуусунда, Кыргыз мамлекетинде акыркы учурда коррупция менен күрөшүү байкалууда.
"Өлкө башчы сотторго мыйзамсыз иштерди жасоонун алдында тозоктон корксоңор боло" деген мааниде айтты. Соттор коррупциялашкан системди жоготуп, мыйзамдуу иш алып баруусу керек. Президенттин минтип айткандары туура. Анткени азыркы соттор мыйзамдан дагы жана жазадан да коркпойт. Акыркы учурда жакшы иштер жасалганы байкалууда. Себеби 10 сотко карата кылмыш иши козголду. Бул жакшы көрсөткүч. Буга чейин мыйзамсыз иштерди аткарган соттор жазаланбай келген. Эми алар өз жазаларын алат”, - деди Сооронкулова.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, акын Темирлан Ормуков жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.