Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова: "Тозокко түшөсүң деген коркутуу алсыздыкты, мыйзамдар иштебегендикти көрсөтөт"

11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова жооп берди.

Ал тозок менен коркутууда жыйынтык болбойт деген пикирин айтты.

"Мамлекеттик кызматкерлер канчалык деңгээлде өзүнө, Кудайга ишенерин билбейбиз да. Тозокко түшөсүң деп кичинекей балдарды алдаса болот. Чиновниктерди, элди башкарып жаткан кишилерди антип алдай албайсың, коркута да албайсың. Бул деген алсыздыкты, мыйзамдар иштебегендикти көрсөтөт. Башка механизм иштебей бизге ошол эле жол калды. Коркутуп-үркүтүп коррупционерлерди токтотобуз деген моралдык жак. Мындан жыйынтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди ал.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, акын Темирлан Ормуков жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан