Акын Темирлан Ормуков: "Тозокту айтуунун өзү эле коррупция менен күрөшүүгө алым жетпей калды дегендей болду"

11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна акын Темирлан Ормуков жооп берди.

Ал тозокту айтып коркутуу менен коррупцияны жоюу мүмкүн эмес деген пикирин айтты.

"Тозокту айтуунун өзү эле коррупция менен күрөшүүгө алым жетпей калды дегендей иш болуп калды. Мен аябай нааразы болдум. Канча адамдар Жогорку Соттон дагы утулуп калганда президентке кат жазып, жооп күтүп отурушат. Анан президент баарын Кудайга оодарып койду, бул туура эмес. Президентке докладды атайын кызматкерлер камдап беришет. Алар элдин көйгөйүн билбеген, тайкы адамдар көрүнөт. Элге Кудай деп айтсак жагат деп жазып берген окшойт. Андан көрө былтыр 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында кол койгон чечиминин бир пунктун окуп койсо элге жакмак. Ал жерде элге соттун ишенимин кайтаруу үчүн соттордун үй-бүлөсүн, тапкан байлыктарын көзөмөлгө алуу сыяктуу пункт бар экен. Ошол боюнча мыйзам чыгарылса эл сүйүнүп калмак. Соттордун жаза алышын баарыбыз өлүп, тозокко барып күтөлүбү? О дүйнөгө барганда ар ким өзү үчүн жооп берип жатканда соттордун тозокко түшкөндүгүнүн айырмасы барбы? Мисалы, бүгүн бир жаран үй-мүлкүнөн же бир тууганынан ажырап, бул дүйнөдөн көксөөсү суубай кетти. Бул боюнча тиги дүйнөдө соттордун жаза алганынан эмне пайда? Биз бийликти ошон үчүн шайладык беле? Соттор сот залында мындай сөздүн далайын уккан. Баласы өлгөн аял сотту каргап чыгып кеткенине күбө болгом. Канчалаган адамдар каргап кетип жатканда президент тозокко түшөсүң десе коркуп калышат бекен? Ыймандуулугун көрсөтсүн, бирок ар кайсы жерден эле пиар үчүн айта берген туура эмес", - деди ал.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан