super.kg logo

Орусияда Кыргыз жеринен барган адам Кытай жаранын өлтүрдү деген шек менен камакка алынды

 

Шектүү беткап сатып алганы жана окуя болгон жерге кирип барганы видеого түшүп калганОрусиянын Иркутск облусунда Кыргыз жеринен барган 28 жаштагы адам Кытай жаранынын өлүмүнө шектүү катары камакка алынды. Мындай маалыматты "Интерфакс" басылмасы 13-мартта Орусиянын тергөө органдарынын маалыматына таянып жазды.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 28-октябрына караган түнү шектүү Усть-Илимск аймагындагы "Трейд Экспорт" деп аталган ишканага кирип келип, 24 жаштагы Кытай жаранын темир түтүк менен башка бир нече жолу чапкан. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерде каза болуп, шектүү качып кеткен. Тергөөчүлөр окуя болгон жердеги дүкөндөн сатып алган бет капты жана темир түтүктү табышкан. Бир канча күндөн кийин ал Иркутск облусунун аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин ошол ишканада иштеп, айлыгы мурда көрсөтүлгөндөн аз берилип калгандыктан жумуштан чыгып кеткен. Анын бул кылмыш ишке баруусуна ушул маселе түрткү болушу мүмкүн экени айтылды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө ал полиция кызматкерлери тарабынан Новосибирск облусунун аймагынан кармалып камакка алынган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: