"Жигиттин оозуна алгыс сөздү эмоцияга алдырып айта албай койгом, аны айрым журналисттер ар кандай ракурста берип жатат", - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.
"Кечээ парламентте гомосексуализм жөнүндө туура эмес айтып, жаңылып калган жеримди айрым журналисттер кесип алып, ар кандай ракурста берип жатышат. Ооба, мен жаңылдым, эмоциямды кармай албай, сөздү туура эмес айтып алдым. Палатада кызуу талкууда эмоциямды кармай алган жокмун.
Борбордук аянтта элдин нарк-насилине каршы иш-чара жүрүп жатса, айрым кесиптештерим аны колдоп жатканына жинденип жаңылып айтып алдым. Анын үстүнө эркек адамдын оозуна алгыс сөз", - деди депутат.
Кечээ, 13-мартта парламент жыйынында депутат Бишкекте 8-мартта болгон феминисттердин маршы тууралуу пикирин билдирип жатып "гомосекут... сексалю..." деп текстти окуй албай кыйналып, талкууга алынган.