Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңештин төрагасы тиешелүү суроолорго өкмөттүн өкүлдөрү саат 11ден кийин жооп берет деп убадалаган.
Бирок 15 мүнөттүк танапистен кийин чек ара тууралуу маалыматты жабык түрдө угуу боюнча добушка коюлуп, 75 депутат аны колдоду. Учурда чек ара маселеси жабык түрдө талкууланууда.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болду.