Кыргыз-Тажик өкмөт башчылары чек ара маселеси боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар 2020- жылдын 10-январына караган түнү мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Баткенде кайра чыр болду. Тажик тарап таш ыргытып, ок атты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан