Чек арадагы чырда октон жаракат алган милиция кызматкерине операция жасалып жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Анын айтымында, атылган ок милиция кызматкеринин оң бутуна тийген.
"Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына саат 17:00дө октон жаракат алган бир жаран алынып келген. Дарыгерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн. Учурда жандандыруу бөлүмүнө алынып, ок тийген жерине операция жасалууда. Абалы туруктуу", - деди Айгерчинова.
Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы милиция кызматкери жаракат алганы боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты. "Саат 15:00дөн баштап Баткен районунун Ак-Сай айылындагы тургундар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болду.
Ошол эле учурда Ак-Сай айылында Ворух айылы менен чек ара тилкесинде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда кайрадан пикир-келишпестик орун алып, бири-бирин таш менен ургулай башташкан. Коомдук коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине Тажикстан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз ок атуучу куралдан ок тийген. Оор абалдагы милиция кызматкерин Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына алып келип, дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат. Азыркы убакта чыр-чатак чыккан аймактар Баткен милициясы тарабынан толук көзөмөлдө", - деп айтылат маалыматта.