Чек ара чыры: Эвакуация болгон жарандардын азыркы абалы айтылды

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан улам эвакуация болгон жарандарды кабыл алган алты пункт иштеп жатат. Ошондой эле алар коопсуз жерге жайгашкан жана тамак-аш жетиштүү.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова кабарлады. Айтымында, эвакуация болгон жарандарга гуманитардык жардамдар жеткирилип жатат.

"Жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болду. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар", - деди Бердигулова.

Белгилей кетсек, коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан