Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында кайсы клуб ким менен ойной турганын аныктаган чүчү кулактын жыйынтыгы жарыяланып кетти

УЕФАнын директору интернет айдыңына Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында ойной турган клубдарга ташталган чүчү кулактын жыйынтыгын чыгарып алды. Интернет тармагында бул көрүнүш кызуу талкууланууда. Белгилей кетсек, чүчү кулак ыргытуу бүгүн, 15-мартта саат 17:00дө (Бишкек убактысы боюнча) түз эфирде башталары айтылып жаткан.

"Чүчү кулактын жыйынтыгын УЭФАнын директору жарыялап алып, бирок документтин сүрөтүн дароо өчүрүп койгон, ошондой болсо дагы сүрөттү сактап калууга жетишип калгандар болгон", - деп жазат чет элдик маалымат булактары.

Аталган документтин сүрөтүндө чүчү кулак төмөнкүдөй туш келген:

"Ливерпуль" – "Аякс"

"Ювентус" – "Порту"

"Манчестер Юнайтед" - "Тоттенхэм"

"Барселона" - "Манчестер Сити".

Маалымат булактары бул документ официалдуу иш-чаранын алдындагы сыноо иретинде ыргытылган чүчү кулактын жыйынтыгы болушу мүмкүн дешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
warcaw
2019-03-15 17:22:52
ТУура келбейт бул
-2
Ulik-real
2019-03-15 17:27:51
Аякс-Ювентус.Ливерпуль-Порту.Тоттенхем-Сити.Барселона-Мю болду
0
Bale1111
2019-03-15 19:25:07
Ушундай болуп калбаптыр сити барсаны талкалайт эле
+3
Modric10
2019-03-15 19:48:16
Барселона менен эле Юнайтеддин ким женери белгисиз болбосо калганы айдан ачык
0
Akmatov030
2019-03-16 01:01:17
Ошондо кызык болот финал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан