Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу: Жогорку лиганын тайпалык баскычында "Ынтымак" жана "Көк жал" командалары жеңишке жетти

Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. 17-мартта Жогорку лиганын тайпалык баскычы старт алып, алгачкы 2 беттеш орун алды.

А тайпасындагы Талас облусунун "Ынтымак" жана "Бакубат Талас" командаларынын беттешинде "Ынтымак" командасы 11:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Ал эми В тайпасында Чүй облусунун 2 командасы беттешип, "Көк жал" командасы 3:2 эсебинде "Четинди" командасын утуп алды.

Бүгүн, 18-мартта тайпалык оюндардын алкагында "Бакубат Талас"-"Төш Булак" жана "Четинди"-"Достук" беттештери орун алат.

Биринчи Лиганын чейрек финалдык оюндарында "Кара-Ой" - "Алкан Ата", "Казарман"-"Илбирс" командалары кез келип, "Алкан Ата" 5:0, "Казарман" 6:5 эсебинде жеңип, жарым финалга аттанышты.

Бүгүн "Кабылан" - "Келечек" жана "Кыраан" - "Соң-Көл" беттештеринде жарым финалга чыгуу үчүн калган 2 жолдомо ойнотулат.

Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдеш 21-мартка чейин уланып, көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион 450 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanat.tls
2019-03-18 10:06:29
Күчтүү команда жеңишке жетсин!!! Кырсык болбосун.
+1
Luna15
2019-03-18 10:50:39
Админ,элдик кабар эмнеге иштебей жатат?
0
admin_kinozal
2019-03-18 10:58:50
Luna15, саламатсызбы! "Элдик кабар" иштеп жатат.
0
admin_portal
2019-03-18 11:59:12
Kylym.85, темага тиешеси жок билдирүүгө жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан