"Нур Отан": "Астананы Нурсултан деп өзгөртүү чечими кабыл алынды"

Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу "Нур Отан" партиясынын төрагасынын орун басары Маулен Ашимбаев 20-мартта Казакстандын жаңы президенти болуп ишин баштаган Касым-Жомарт Токаевдин сунушуна түшүндүрмө берип жатып билдирди. Ашимбаев бул чечим менен казакстандыктарды куттуктай турганын айтты.

"Бул чечим туура жана салмактуу - Астанага канчалык күч-аракет жана энергия жумшалды. Касым-Жомарт Кемелевичтин чечими өтө туура жана мыйзамдуу. Биз аны колдойбуз жана шаардын атын өзгөртүү чечими менен астаналыктарды жана бүткүл казакстандыктарды куттуктайбыз", - деди Ашимбаев.

Жаңыдан гана президент болуп ишин баштаган Касым-Жомарт Токаев парламентте ант берүү аземинен кийин сүйлөп жатып Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүү сунушун айткан.

"Нурсултан Абишевич Назарбаевдин ысымын түбөлүккө калтырышыбыз керек. Борборубуз Нурсултан деп биздин президенттин атын алып жүрүшү зарыл деп эсептейм. Эсиңиздерге сала кетейин, мындай демилге буга чейин парламент депутаттары тарабынан көтөрүлгөн", - деген Токаев.

Андан сырткары өлкөнүн борбор калаасына Назарбаевдин монументин тургузууну жана облустардагы борбордук көчөлөргө анын атын берүү керектигин кошумчалаган.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине атайын кайрылуу жасап, өзү президент катары ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Momun...
2019-03-20 16:35:39
Эми Казахстанды, Алма Атаны, жана бардык областтарды, Казахстандагы жаны торолгон балдарды, бут Казактар эмне иштеп чыкса ошонун баарын Нурсултан деп атап койушунар калды Казак боорлор. Нурсултан Абишевич и так эле историяда жакшы инсан болуп калат. Бирок Астанага Нурсултандын атын берип койуш ото эле лишний болуп кетти окшойт.
+15
senchi
2019-03-20 16:40:46
Кайсыл жерденсин десе Нурсултанданмын дейби эми
+12
bond
2019-03-20 22:33:25
senchi,Астананын кыздарына барып келбейлиби десе эми Нурсултандын кыздарына барып келейли дейт.
+10
dosym
2019-03-20 16:44:06
Казакстандын борбору? Астана жок туура эмес Нурсултан
+9
bek_tash
2019-03-20 18:00:24
Бишкети "Садыр", Ошту "Мелис" деп өзгөртөлүбү?)
+14
Kylychisa
2019-03-20 18:58:17
Биз да Бишкекти алмазбек деп койсокпу))))
-14
sabirdinovich
2019-03-20 21:18:15
Жок Бишкекти Сооронбай деп койуш керек. Каяктансың десе, мен Сооронбайлыкмын деп
-8
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-20 21:19:28
Kaiakka dese Nursultanga dep jurot eken da kazaktar.Tualetnyi bumagaga da jazyp koigula emi.
+5
Ysakov_Nur
2019-03-20 21:41:50
Эми мамлекетинерди "Нурсултанстан"- деп озгортуп, озунорго жаны дин ойлоп чыкпасанар эле болгону " Нурсултанизм"- деген...
+11
tursunbaev78
2019-03-20 22:33:29
ушу ашыкча болуп кетиптир
+3
suban78
2019-03-21 00:41:22
Подхалимство боп кеттигу биягы. Ээ баурлар болбопсунар.
+6
Shakek
2019-03-21 00:56:44
Казакстанда жалан пахтачылар жашайбы Алматыны Назарбаев деп алсын ошондо эч ким унутпайт
+4
zhigitaly
2019-03-21 02:14:26
Бул нерсе баягы СОКЕ ант берүү аземинде Атамбаевди Кыргызстан баатыры ак шумкар берем дегендей кеп да. Такка отуруп алсын Токаев анан көрөбүз
+6
Take_men
2019-03-21 08:53:21
Бул жагы өттө ашыкча болуп кетти. Маскара...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан