5 айдын ичинде 2 учагы кулаган "Боинг" компаниясы 40 миллиард доллар жоготту

АКШнын учак жасоочу "Боинг" корпорациясынын акциялары акыркы 5 айда 18 пайызга төмөндөп болжолдуу 40 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай каржылык жоготууга октябрь айынан бери 2 жолу Boeing 737 Max учагынын кырсыкка учурагандыгы себеп болгон.

"Акциялардын чукул төмөндөшү "Боинг" сыяктуу ири компанияларда чанда кездешет. Өткөн жылы компаниянын кирешеси 100 миллиард доллардан ашык каражатты түзгөн. Бул жылы АКШ, Орусия жана Евро биримдиктин өлкөлөрү баш болуп 50дөн ашык мамлекет Boeing 737 Max учагынын өз аймагынан учуп өтүүсүнө тыюу салды. Буга байланыштуу корпорациянын акциялары түшүп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 29-октябрь күнү Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган Boeing 737 Max учагы Ява деңизине кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж кызматкери болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени айтылган.

Ал эми 10-март күнү 157 жүргүнчүсү бар Ethiopian Airlines компаниясынын учагы Аддис-Абеба шаарынан алыс эмес жерде кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган Boeing 737 учагы Кениянын Найроби шаарына бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2019-03-24 11:03:45
Американын компаниясы хоть банкрот болсодагы нам не жалко.
+1
Krai
2019-03-24 12:09:41
Охоо 40 млрд доллар
Биз карызыбыз 6 млрд доллар болуп кетти деп жерибизди алдырып жибербесек деп кооптонуп атабыз
+7
KG.Kushtarbek
2019-03-24 20:57:02
Ичиндеги набыт болгон адамдар анданда кымбат
+1
daniel87
2019-03-25 01:59:51
KG.Kushtarbek,кечиресиз минус басылып кетти, туура айтасыз
0
maralum93
2019-03-25 03:05:20
ал бир темир ичиндеги адамдарчы????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан