Конор Макгрегор пенсияга кеткенин жарыялады

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор MMA`ден кетти. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 26-мартта жазды.

"Достор, бүгүн ММА аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын", - деп жазды Макгрегор.

Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында UFC`нин чемпиондук куру үчүн өткөн беттешинде орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган. Ал жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek_tash
2019-03-26 14:44:58
Башка айлаңда калбады брат
-1
expert.007
2019-03-26 15:56:35
Артист баарыбир сахнага чыгат. Бирде болбосо бирде кайра катып келет акчасы түгөгөндө
0
Ysakov_Nur
2019-03-26 16:26:14
expert.007,Бул миллиондогон долларды топ-топ, озуно гилтейген коньяк бизнес ачып алган, экообуздун акчабыз тугонсо да бунуку тугонбойт)))
+11
Abdizhapar
2019-03-26 18:24:21
Ysakov_Nur,туура жазып уйрон бунуку деген соз жок го
-3
Akyl78.1501
2019-03-26 20:47:24
Abdizhapar,Саша барибир эмеспи тушунсон болдуда
+1
kyrgyzstan_93
2019-03-27 07:23:07
expert.007,яндекс едага ишке киргизип кой шерик болуп иштей бересинер Конорбек мн.
0
kushu_bek
2019-03-27 20:06:07
Каап тони.менен хабибди жанчып анан кетишин керек эледа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан