Казакстанда кулаган Ми-8 тик учагынын экипаж мүчөлөрү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн жеке баракчасына жазды.
Анда президент экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирип, алардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам болорун айткан.
Токаев канча экипаж мүчөсү каза болгондугун тактаган эмес. Айрым маалымат булактары борттогу 13 адамдын баары каза болгондугун жазышууда.
Буга чейин тик учак Кызыл-Ордо облусунда кулап, күйүп кеткени айтылган. Анда кырсык болгон жерге Коргоо министри баш болгон комиссия мүчөлөрү учуп кеткенин чет элдик булактар жазып чыгышкан.