Бардык кылган жакшылыктар кайтат. Кытайда капчыкты ээсине алып келип берген жаран баласынын өмүрүн сактап калды

Кытайда баласын дарылатуу үчүн ири суммадагы акчага муктаж болгон жаран көп акчасы менен капчык таап алып, аны ээсине кайтарып берген. Бул кылган жакшылыгы ал адамга кайтып келген. South China Morning Post басылмасы жазгандай, капчыкты кайтарып берген адамга анын ээси башкача жол менен жардам берген.

Таң Шаолуң аттуу Цзинань шаарынын тургуну 2 жаштагы баласын оор дарттан айыктыруу аракетин көрүп ооруканага алып барган. Дарыгерлер наристеге көп каражат керек экенин айтып, атасы акча издеп баштайт. Ал врачтарга 200 миң юань (болжол менен 2 миллион сомдой) берип, анын 120 миңин туугандарынан карызга алып чогулткан. Баланын жилигинин ичиндеги чучукту алмаштыруу үчүн операция жасап, ага атасы донор болууга бел байлаган. Бирок бул операцияны ишке ашыруу үчүн үй-бүлөгө дагы 400 миңдей юань (4 миллион сомдой) керек болгон.

Эмне кылар айласын таппай жүргөн Таң Шаолуң 22-мартта эртең менен уулуна тамак алып келүү үчүн оорукананын жанындагы дүкөнгө барат. Жолдон жерде жаткан капчыкты көрүп калып, ичин ачса 20 миң юань, айдоочулук күбөлүк жана банктык карталарды көргөн. "Алгач капчыкты көрүп ичин ача калып эле сүйүнүп кеттим. Менин абалымды түшүнүп, Кудай ушундай жол менен жардам берип жатат го деп да ойлодум. Анткени менен байкасам оорукананын аймагынан алыстай элек экенмин. Эгер капчыктын ээси оорукана жактан түшүрүп алган болсо, анда ал деле дарыланууга же бир жакынын ооруканага жаткырууга муктаж болсо керек деп ойлодум. Ошентип капчыкты ээсине кайтарууну чечтим", - деген Шаолуң.

Капчыктын ээси Диң Илуң аттуу фермер болуп чыккан. Ал Таңга сүйүнчүгө акча бергенде да албай койгон. Капчыктын ээси аны кайтарып берген кишинин баласын дарылатууга көп акча керек экенин угуп, башкача жол менен жардам берүүнү чечет. Ал Таңга кампасында 200 тонна түрп бар экенин, аны сатып акча кылса боло турганын айткан. Май айына чейин сатыш керек болгон түрп үчүн ага чогуу кардар издеп башташат.

26-мартта экөө 200 тонна түрптү сатып бүтүшкөн. Түшкөн каражат 500 миң юань (5 миллион сомго жакын акча) болгон. Бир айдан кийин Таң менен уулуна операция жасалары айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2019-03-29 12:04:34
Эркек экен го
+4
aiba.8327
2019-03-29 12:21:07
Кудай улук ...
+8
baisogur
2019-03-29 12:43:47
Алла таалага чексиз мактоолор болсун,кудайдын суйуктуу пенделеринен бололу
+5
karona12
2019-03-29 13:51:24
Операция учун эмне деген акча сурашкан жан калбайт го.
+5
zzz---zzz
2019-03-30 05:44:09
Субхан Аллах, Алхамдулиллах, Аллооху Акбар, ла хавла ва ла кувата илла билахи алиул азим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан