Аналитикалык компаниялардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Сауд Арабиясындагы Saudi Aramco нефть компаниясы эң көп киреше тапкан компания деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган компаниянын 2018-жылдагы таза кирешеси 111 миллиард 100 миллион доллар таза киреше тапкан. Ал эми 2-орунга 59 миллиард 500 миллион доллар кирешеси менен Apple, 3-орунга 35 миллиард 100 миллион доллары менен Samsung компаниясы жайгашкан. Ошондой эле нефть өндүрүүчү компаниянын кирешеси Apple, Google жана Exxon Mobil сыяктуу дүйнөлүк бренддердин кирешелеринин жалпы суммасынан ашып өткөн.
1933-жылы негизделген Saudi Aramco компаниясы нефть өндүрүүнүн көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Компаниянын баасы болжолдуу 10 триллион долларга бааланат.