Ош шаарындагы Кулатов кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан 23-мартта эркек кишинин жансыз абалдагы денеси табылган. Маркумдун аты-жөнү такталып анын сөөгүн иниси алып кетти деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.
Маалыматка ылайык, маркум 39 жаштагы К.Керим аттуу жаран болгон. Инисинин айтымында, ал акыркы 3 жылда Москва шаарына кеттим деп ошол боюнча дайынсыз жоголгон. Бирок кантип Ош шаарына келип калганынан кабары жок. Ал эми маркум менен чогуу жүргөндөр ал селсаяк болуп, ар кайсы жерде жашап жүргөнүн айтышкан.
"Кечээ, 1-апрелде маркумду иниси Бишкек шаарына алып кетти" деп билдирди басма сөз катчы.