Италиядагы Сардиния аралынын жээгинен бооз киттин өлүгү табылды. Анын ичинде 20 килограмм желим таштандысы болгон. Бул тууралуу CNN каналы кабарлады.
8 метрлик китти ветеринарлар сойгондон кийин, анын ичинде түйүлдүгү да өлүү болгонун билишкен. Мындан сырткары таштанды үчүн мүшөктөр, балык уулоочу тор, кир жуучу каражаттардын идиши жана башка таштандылар табылган. Киттин өлүмүнө эмне себеп болгону гистологиялык жана токсикологиялык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болгон. Ветеринарлар алдын ала жаныбардын ашказанына таштанды толуп калганынан улам өлгөнүн айтышууда.
Италиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Серхио Коста Европарламент колдоого алган мыйзам долбоору жөнүндө айтып өткөн. Ага ылайык, 2021-жылга чейин кулак тазалоочу таякчалар, бир жолу колдонулуучу ашкана буюмдары сатыктан алынат. Министр Италия бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарынан айлана-чөйрөнү коргогон алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп каларын белгилеген.