Өрт коопсуздугун эске алып үй куруу: "Кант ТШП" күйбөй турган жаңы баракчалар менен тааныштырды

Курулуш каражаттарын сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек? Албетте пайдаланууга жөнөкөй, кеңдиги ыңгайсыздык жаратпаганына жана баасына. Бирок Кыргызстанда акыркы убакта бир нече ири өрт кырсыктары орун алганын эске алуу менен, биринчи кезекте сиздин үйүңүздө өрт коркунучу жок болушун ойлонуу шарт.

"Ош базарындагы", "Мадина" базарындагы жана "Арзу" кафесиндеги, Караколдогу борбордук базардын аймагындагы, "Супара" этнокомплексиндеги өрт кырсыгы бизнесмендерге гана эмес, өлкөнүн экономикасына да зыян алып келди. Бул боюнча премьер-министр атайын жыйын өткөрдү.

Фиброцементтик баракчалар күйбөйтБул маселени чечүүгө ата мекендик өндүрүшчүлөр да даяр. Кыргызстандагы курулуш каражаттарын чыгарган ишканалардын лидери, "Кант ТШП" ишканасы жаңы каражат менен тааныштырат. Ал интерьер жана фасад үчүн колдонулуучу, таптакыр күйбөй турган, курулушту өрттөн сактаган уникалдуу фиброцементтик баракчалар.

Бул эмне болгон баракча?

Фиброцементтик баракчалар - аз убакыт аралыгында эле курулуш тармагына кеңири жайылган универсалдуу, заманбап жана жогорку технологияда даярдалган каражат. Ал цементтен, бекемделген буладан жана минералдык кошулмалардан даярдалган.

Аны эмнеге пайдаланса болот?

Аны курулуштун көптөгөн түрүнө колдонушат. Мисалы: лента пайдубалы менен үй курууда орнотулуучу калып (опалубка) катары да колдонулат. Мындан тышкары үй курган адам аны сырткы жана ички дубалды курууда колдонсо, үй сейсмологиялык кубулуштарга туруктуу болот. Баракчаны каркастык технология менен көтөрүлгөн өтө көп кабаттуу эмес үйлөрдүн имаратын жабууда колдонсо болот, ал гана эмес мындай курулушта аны колдонуу керек. Мындан тышкары фиброцементтик баракчалар имарат, мекемелердин сыртын кооздоодо эң сонун көрк берет.

Эң негизгиси, фиброцементтик баракчалар өздөрүн көтөрүп турган конструкцияны өрттөн толук сактайт

Жалпылап айтканда, бул баракчалар ар тараптуу, кеңири жагдайда колдонулат. Алматы, Шымкент, Усть-Каменогорск, Нур-Султан (Астана) шаарларындагы жаңы кичи райондорду курууда үйлөрдүн дубалынын сыртына "Кант ТШП" ишканасы чыгарган фиброцементтик баракчаларды пайдалангандыгы да жөн жерден эмес. Мындан тышкары бул каражаттар Улуттук тарых музейинин сыртын каптоодо да колдонулган.

Алматы, Шымкент, Усть-Каменогорск, Нур-Султан (Астана) шаарларындагы жаңы кичи райондордо биздин фиброцементтик баракчаларды пайдалануу менен ыңгайлуу жана ылдам шартта үйлөрдүн дубалдары көтөрүлүүдө. Биздин баракчалар дубалдын панелдерине өрткө жана сырткы соккуларга туруктуу.

Дагы кандай артыкчылыктары бар?

* алар менен иштеген жеңил жана ыңгайлуу;

* калыңдыгы 6 жана 8 миллиметр болгон баракчаны каалагандай өлчөмдө буюртма берсеңиз болот;

* бардык имараттар үчүн жарайт: эски, жаңы турак жайга же административдик имараттарга;

* бул нымдуулукка, сууга жана өрткө туруштук берген уникалдуу каражат. Ал сиздин үйүңүздү өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан сактайт;

* абдан катуу болгондуктан, сырткы соккуларда сынып кетпейт;

* буунун чыгуусуна тоскоолдук жаратпайт, бул имарат ичиндеги нымдуулуктун өлчөмүн теңдештирип турууга өбөлгө болот;

* микроорганизмдердин жана химиялык заттардын таасирине туруктуу;

* сырткы үндөрдүн имарат ичинде угулбай тургандыгын камсыздайт;

* экологиялык жана санитардык талаптардын баарына жооп берет.

Бонус - арзан баа жана 30 жылга сапатына кепилдик.

Кайсы жерден сатып алса болот?

Фиброцементтик баракчаларды Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарынан сатып алса болот. Компаниянын байланыш жана WhatsApp номери 0553 38 89 98. Кошумча маалыматтар компаниянын www.kantslate.kg расмий сайтында жайгашкан.

Соода орундары:

* "Аю Гранд Комфорт" соода борборундагы фирмалык дүкөн, бутик А-130: 0701 02 05 30;

* "D-07" кампасы: 0703 759 309;

* "Стройпарк" соода борбору (Кулатов көчөсү 2);

* "2 прораба" соода борбору (Лев Толстой көчөсү 36К);

* "Стройдвор" курулуш каражаттары дүкөндөр тармагы;

* Башка райондордогу өкүлчүлүктөр:

* Ош: 0701 88 44 74;⠀

* Жалал-Абад: 0701 02 06 60.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан