"К-pop" - Түштүк Кореядагы ырчылардын аткаруусундагы заманбап музыкалык жанр. Ал өзүнө поп, хип-хоп, электроника, рок жана кантрини камтыйт. Мындай музыканы уккандарды "кей-попер" деп аташат. Корей музыкасынын күйөрмандары дүйнө жүзүндө көп. Белгилүү кореялык топтор эл аралык турнесинде миңдеген көрүүчүнү топтоп концерт бергени буга далил боло алат.
Кыргыз жеринде да "К-pop" сүйүүчүлөрү бар. Буга чейин бий мектептери улуттук жана заманбап бийлерин үйрөтүп келишкен. Бүгүнкү күндө суроо-талапка жараша "К-pop" стилинде бий үйрөтүү ийримдери көбөйгөнүн байкоого болот.
Жыл сайын корей тилинде ырдоо жана бийлөө боюнча сынак өткөрүлүп турат. Ага катышкандардын көбү жаштар. "К-pop" стилинде бийлегендердин да басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болуп саналат. Бийчилер өз курамынын арасында батл уюштуруп келишет. Ал эми топтор арасындагы сынактар атайын "К-pop" жанрына арналган кечелерде аныкталат.
Бийчилер Кореядагы ырчылардын чыгармачылыгына көз салып турушат. Алар жаңы чыккан ырлардын бийлерин бийлеп видеолорун жарыялашат. Чачтарынын өңү, жасалгасы, кийимдери да "К-pop" стилинде.