Украинадагы президенттик шайлоонун 2-туруна өткөн талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко 80 миң кишиге ылайыкташылган Киев шаарындагы "Олимпийский" стадионунда дебат өткөрүүгө макулдашты.
Сунушту 3-апрелде Володимир Зеленский киргизип, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу учурдагы президентке чакырык таштаган видеосун жарыялаган.
"Сизди "Олимпийский" стадионунан күтөм. Дебат Украинанын элинин алдында өтүшү керек. Бардык каналдар дебатты түз эфирде чагылдырууга мүмкүнчүлүк алат. Чечим чыгарууга 24 саат убакыт берем, ойлонуңуз", - деп билдирген Зеленский.
Кечээ, 4-апрелде учурдагы президент Петро Порошенко сунушту кабыл алганын жарыялады. Ал социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн видеодо: "Дебатты өткөрүү эрежелери шайлоо тууралуу мыйзамда жазылган. Ага ылайык, дебат коомдук телерадиокомпаниянын базасында түз эфирде өтүшү керек. Биз көнгөн эреже ушундай. Бирок стадиондо өтсө да мейли. Ага да каршы эмесмин. Мен сизди күтөм, урматтуу Володимир Александрович", - деп билдирген.
Ошондой эле Зеленский дебаттын модераторлук милдетин шайлоонун 1-турунда 3-орунду алып калган Юлия Тимошенкого сунуштап, ал ойлонуп көрүүнү убадалады. Азырынча дебат өтүүчү күн белгисиз.