Абхазиянын парламенти ири көлөмдө баңги затты жайылтуу үчүн өлүм жазасы же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоорго ылайык, бул берене боюнча соттолгондор ырайым алуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажырашат. Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.
Абхазиянын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, аталган өлкөдө өлүм жазасына тартууга 1993-жылы тыюу салынган. Азыркы тапта бул өлкөдө өмүр бою эркинен ажыратылган 3 адам түрмөдө кармалып келет.