Бүгүн Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту ишке кирди

Бүгүн, 7-апрелде Түркиянын Стамбул шаарына жаңы салынган "Стамбул" аэропорту ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту бүгүнтөн баштап жабылды. Бардык каттамдар жаңы аэропорттон ишке ашырыла баштады.
"Жаңы "Стамбул" аэропортун расмий түрдө былтыр, 29-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү ачкан. Аталган аэропорт жылына 200 миллион жүргүнчүнү тейлейт. Буга чейин 90 миллион кишини тейлеп келген. Бир жыл мурда Эрдоган жубайы менен биргеликте аэропорттун курулуш иштери менен таанышып кеткен. Бул аэропорттун аянты 76 миллион чарчы метрден ашык. Анткени ал жакка 500 учак, 70 миңден ашык автоунаа батат. Аэропорттун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктаганда күнүнө 2 миң учакты кабыл ала баштайт", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulnyr19
2019-04-07 18:42:40
Жакшы элдер ушинтип эле өнүгүп жатышат и бизде болсо бирин-бири чукумай, чөнтөкө тапканын тыкмай,акырында зор келгенде башка жака качмай. Карапайым эл тентип ар жерде өзүнү-өзү бакмай. Эхх качан оңолуп, өнүгөт экенбиз? Өзүбүздүн жерде, өзүбүздүн үйүбүздө балдарыбыз, ата-энелерибиздин жанында тынч гана жашайт экенбиз. Кайсы маалда кайсы мент квартарага же болбосо көчөдө кармап эмне дейт деп коркпой.
+12
Wibee
2019-04-08 03:51:26
Gulnyr19,бизге бироо оозубузга салып береби тургула окугула билим алгыла чет жерден билим алгандай кийин чет жерге пйлык учун качбай келип бекер иштеп болсода Крны онуктуролу анан болот
-2
Meken28
2019-04-08 09:12:50
Wibee,beker ishtegen adamdardyn baldaryn kim bagat.Senin kolunan kelse ozun kyl oshonu biroogo aitpai,senden ulgu alaily
+2
azimbaeva1989
2019-04-07 20:35:12
Эх ушундай нерселерди кыялданган чонодор бар бекен бизде дагы.
+7
salimbek87.kg
2019-04-07 21:50:53
azimbaeva1989,биздикилер мындайды коргондо шапкасын ылдый кылып уялып отуп кетет.
+6
Bayastankyrgyz
2019-04-07 22:27:51
Суктанып жүрүп.. Ушундайлар өтө окшойт өмүрлөр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан