Украинада Зеленский менен Порошенконун дебаты качан өтөрү белгилүү болду

Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенконун шайлоодогу атаандашы Володимир Зеленский менен болгон дебаты 14-апрелде өтөт. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, дебат Киев шаарындагы 80 миң кишиге ылайыкташылган "Олимпийский" стадионунда саат 19:00-20:00 чамаларында (Бишкек сааты боюнча 23:00-00:00) өтмөкчү. Порошенко иш-чарага бардык телеканалдарды чакырды. Башында дебат 19-апрелде өтөрү күтүлгөн.

Украинадагы президенттик шайлоонун 1-туруна талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко өткөн. Дебатты өткөрүү сунушун 3-апрелде Володимир Зеленский киргизип, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу учурдагы президентке чакырык таштаган видеосун жарыялаган. Порошенко бул сунушту кабыл алганын жарыялаган. Ал социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн видеодо: "Дебатты өткөрүү эрежелери шайлоо тууралуу мыйзамда жазылган. Ага ылайык, дебат коомдук телерадиокомпаниянын базасында түз эфирде өтүшү керек. Биз көнгөн эреже ушундай. Бирок стадиондо өтсө да мейли. Ага да каршы эмесмин. Мен сизди күтөм, урматтуу Володимир Александрович", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан