Орусиялык ырчы Баста менен келген гитарачы спорт ордосунун мышык ыйлаган абалын баракчасына жүктөдү. "Бишкек. 30 жыл артка"

6-апрелде Бишкек шаарына орусиялык ырчы Баста келип, күйөрмандарына концерт тартуулап кетти. Ырчы менен келген музыканттардан турган топ даярдык үчүн спорт ордосуна барышкан. Эл кире элек учурда Николай Сарабьянов аттуу гитарачы Инстаграм баракчасына Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун абалын тартып жүктөгөн. Андан сыры кеткен тактай пол, отургучтарынын булгаарысы айрылган, жешилип, сүрүлгөн абалын көрүүгө болот. Николай Сарабьяновдун "Бишкек шаары. Убакыт машинасы бизди 30 жыл артка алып барды" дегенин угууга болот.

Видеонун алдына көпчүлүк кыргыз колдонуучулар спорт ордосу үчүн уялып жатышканын жазып, президенттин жана башка бийлик өкүлдөрүнүн Инстаграмдагы баракчаларын белгилеп кетишкен. Ал эми гитарачы өзү аларга Бишкек кереметтүү шаар экенин, күйөрмандар жогорку деңгээлде кабыл алышканын айтып өткөн.

Спорт ордосунун курулганына 45 жылга жакын убакыт болду. Аталган ордо концерттик жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталып, 1974-жылы 3 миң адам бата тургандай курулган.

Кожомкул атындагы спорт ордосун орусиялык гитарачы баракчасына жүктөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tursunbaev78
2019-04-08 16:09:51
Жакында мышык эмес башкасы да ыйлайт,жок дегенде ушундай жайларды оңдоп түзөп койсо болот,биздин жеп жутар чиновниктер
+6
vikidiki
2019-04-08 16:16:54
Биякка чама -чарк жетпейт го. Тойгуза албай эсибиз ооду го курсактарын.
+11
Azat.97
2019-04-08 16:41:29
Арендасы асмандын башы.Чанын суртуп килемдерин жууп койгонго жарашпайт.
+7
Jelezo
2019-04-08 17:21:41
Жетекчисин камаш керекда ремонт кылбаса тушкон акчалар кайда кетип жатат анан эле ким жаман бийлик жаман.
+9
Tyty1990
2019-04-08 19:18:06
Аренданы олчоуйтуп алышат чөнтөгүнө салышат.
+6
Mamiev
2019-04-08 20:04:20
Албетте туура айтыптыр бирок деген жери бар... Конок койдон жоош дейт. Биздин минустарыбызды интернетке жуктобой концертини коюп бир жерин кысып эле кете бербейби
-7
momun74
2019-04-08 23:08:24
Мен бугун коруп спорт ордосунун ичин бир сыйра ондосо болмок дедим эле чын эле журок ыйлай турган акыбалда экен 30жылдыгын белгилегенден бери 15жыл отуптурда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан