
Индиянын Мизорам штатында
Дерек Лалханхим аттуу 6 жашар баланын социалдык тармактардын бирине жүктөлгөн сүрөтү колдонуучулардын жүрөгүн жылытып, 100 миңдеген "жакты" белгисин топтоду. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты. Ал колуна өлгөн жөжөнү көтөрүп алып ооруканадагы дарыгерлерге сактап калууну өтүнүп келген.
Социалдык тармакка Деректин сүрөтүн илген колдонуучунун айтымында, ал үйүнүн короосунда велосипед тээп ойноп жүргөн. Аңгыча күтүүсүздөн жолунан чыга калган кошунасынын жөжөсүн тебелетип алган. Бала велосипедди токтотууга үлгүрбөй калган. Чала жан жөжөнү көтөрүп алып жакынкы ооруканага жүгүргөн. Ал дарыгерлерге барып чөнтөгүндө болгон акчасын алып чыгып сунуп, жөжөнү тезинен сактап калууну өтүнгөн. Колуна 10 рупий кармап, көзү жашылданган бала дарыгерлердин жүрөгүн жылыткан. Тилекке каршы, жөжө дөңгөлөктүн алдында калганда эле өлүп калган болчу. Бул тууралуу баланын ата-энеси билген соң, анын көңүлүн калтырбоо үчүн дарыгерлер жардам көрсөтүп жетишпей калышты деп түшүндүрүшкөн.
Окуя тууралуу маалымат шаарды тез эле аралап кеткен. Ал эми Дерек окуган мектептин жетекчилиги балага боорукерлиги жана мээримдүүлүгү үчүн грамота тапшырышкан.