Өкүнүчтөр, президентке каалоолор, Текебаевдин иши... Өмүрбек Бабанов кенен маегинде дагы эмне жөнүндө сүйлөдү?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов кенен маек куруп берди. 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин, Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Жакын арада анын өлкөгө кайтып келери күтүлүүдө.

19:40. "Шайлоо бүткөндөн кийин чоң стресс болдум. Ден соолугумду карайм деп чет өлкөгө кеткем. Чет жакта дарыланып жатканымда мага Он-Адырда айткан сөзүм үчүн кылмыш иши козголгонун уктум. Парламентте мага каршы мажбурлап кол топтой башташты. Тарапташтарыма кысым жасалды", - деди Бабанов.

19:45. "Бийлик тараптан мага шарттар коюлган. Мандатты тапшыруу, бир жыл өлкөгө кайтып келбөө боюнча. Мен өз сунушумду бердим: "Канат Исаевдин иши калыс каралсын жана саясий куугунтуктар токтолсун", - деди Бабанов.

19:50. "Эгер шайлоодон кийин келсем, эл чыкмак. Кырдаал курчуп кетпеши үчүн саясаттан баш тартайын деп чечтим. Убадамды толугу менен аткардым", - деди Бабанов.

19:51. "Мени коркок деп жатышат. Коркок адам административдик ресурска каршы чыкмак беле? Коркок адам партия түптөй алат беле? Коркоктук менен акылмандыктын айырмасы асман менен жердей. Мен качкан жокмун, ачык эле жүрдүм. Шайлоодон кийин тарапташтарымды ойлоп, коргоюн деп ушундай кадамдарга бардым", - деди Бабанов.

19:53. "Тергөөчүлөргө барып жооп бергенге даярмын. Мени камагысы келсе, муну бийликтегилер өздөрү чечишсин", - деди Бабанов.

19:55. "Саясий атаандаштар бири-бирине душман эмес. Сооронбай Жээнбеков жана мен шайлоо алдында бири-бирибизге көп курч сөздөрдү айтканбыз", - деди Бабанов.

19:56. "Бакиевдин заманында КСДПны колдогом", - деди Бабанов.

19:57. "Саясаттан кетем десем да кетирбей жатышат", - дейт экс-депутат.

19:58. "Республика" партиясы өлкөнүн тарыхына чоң салым кошкон партия. 2010-жылы оор мезгилде түзүлгөн. Парламентте коалиция түзүлбөй жатканда, премьерлик мандатты Алмазбек Атамбаевге бергенбиз", - деди Бабанов.

20:00. "Президенттик шайлоого катышканыма өкүнбөйм. Туура эмес айтылган сөздөр, аткара албаган иштер үчүн өкүнүчтөр бар. Чыныгы дос ким экенин көрдүм. 3 ай өзүмө келе албай стресс болдум", - деди Бабанов.

20:02. "Атамбаев менен Жээнбековдун тирешүүсү өкүнүчтүү. Экөө тең бир топ кызматтарда иштеген, тажрыйбасы көп адамдар. Тирешүүсү өлкөгө жакшылык алып келбейт. Алардын башын бириктирген адам керек. Экөө бириксе жакшы өзгөрүүлөр болмок", - деди Бабанов.

20:04. "Мекенимди сагындым. Мен үчүн саясаттан башка бир топ кызыктуу нерселер бар. Экономиканы көтөрсөк болмок. Жардам бергенге даярмын", - деди Бабанов.

20:06. "Мекениңе кайтып келе албасаң, өлкөгө инвестицияларды тартып келе албайт экенсиң", - дейт Бабанов.

20:09. Бабанов Өмүрбек Текебаев тууралуу: "Текебаевдин иши 100 пайыз саясий иш. Иш эртең эмес, бүгүн жабылып, Өмүрбек Чиркешовичке депутаттык мандат кайтарылып берилиш керек".

20:10. Бабанов Садыр Жапаров тууралуу: "Жапаров Атамбаев боюнча китеп жазганы үчүн камакта отурат".

20:11. "Эгер өлкөгө кайтсам атайын фонд ачам. Бул фонд мектепте жакшы окуган балдардын чет өлкөгө барып окуусун каржылайт. Бул иште мен өкмөткө жардам көрсөткөнгө даярмын", - деди Бабанов.

20:12. "Президент Сооронбай Жээнбековго кааларым, өлкөдө көз карандысыз сот системи болуш керек", - деди Бабанов.

20:14. "Жакынкы күндөрү көрүшкөнчө", - деп Бабанов Кыргыз жарандары менен коштошту.

Бабановдун интервьюсу. 09.04.2019
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан