Борбордук шайлоо комиссиясына Өмүрбек Бабановдон мандатты тапшыруу боюнча арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, БШКнын жакынкы отурумунда бул арыз каралат. "Учурда арызды жумушчу топ карап жатат. Бул топтун даяр болгонуна жараша биз жалпы жыйынга алып чыгабыз. Бүгүн даяр болсо бүгүн, эртең даяр болсо эртең алып чыгабыз", - деди Бекматов.
Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев жана Бабановдун тарапташтары тарабынан БШКга арыз берилгени айтылган.
Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.
4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.