"Республика-Ата Журттун" фракция лидери алмашты

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Жыргалбек Турускулов шайланды. Мындай чечим 3-апрелде фракциянын кезексиз жыйынында кабыл алынганын SUPER.KG порталына депутат Абдыбек Дүйшалиев билдирди.

Өткөн жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бабановдун ордуна фракция лидери болгон Руслан Казакбаев бул кезексиз жыйынга катышпаганын айткан.

Эске салсак, буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери алмашары сөз болуп, бирок фракциянын айрым депутаттары мындай сөздөн кабары жок экенин билдиришкен эле.

Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович 1975-жылы 3-январда Нарын облусуна караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Экономика" багыты боюнча бүтүргөн.

2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "Юриспруденция" тармагында кошумча жогорку билимге ээ болгон.

2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын "Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар" багыты боюнча бүтүргөн.

2015-жылы Кыргыз техникалык университетинин "Энергетикалык камсыздоо" кесиби боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1996-1998-жылдары "Эмгекчил" акционердик коомунун сатуучусу катары баштаган.

1999-2010-жылдары "Строй-Арсенал" жана "Эмгекчил" ишканаларынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген.

2010-2013-жылдары "Чыгыш электр" акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген.

2013-2015-жылдары коомдук ишмер болуп иштеген.

2015-жылдан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат.

Жыргалбек Турускулов телеалпаруучу Мира Шүкүралиеванын күйөөсү. Алардын ортосунда 4 бала бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан