Өмүрбек Бабанов “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен эмне үчүн кеткендигин түшүндүрдү. Анын кайрылуусу бүгүн, 14-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын бирине чыкты.
“Мен азыр Кыргыз мамлекетинен тышкары жактамын, ден соолугум жайында. Азыркы учурда өзүмдүн саламаттыгымды карап жатам. Менин ден соолугум тууралуу көп айың-кеп, ушактар жөнүндө окудум, ал сөздөрдүн бардыгы чындыкка туура келбейт. Кыргыз өлкөсүнүн гүлдөп өсүшү жана демократиялык жолу үчүн мен сиздер менен бирге күрөшөм жана ага даярмын. “Республика” партиясы жана “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясы штаттык режимде иштеп жатканын билдиргим келет. Анткени фракциянын мүчөлөрү – мекенчилдер жана жакын санаалаштар. Учурдан пайдаланып, ишеним жана колдоо көрсөткөнүңөр үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем! Бүгүн биз өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек. Шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кыска мөөнөттө демилгелөө максатында, биз мурдагыдан дагы ыкчам, жигердүү жана ынтымактуу иштешибиз зарыл. Буга байланыштуу мен “Республика-Ата Журт” фракциясынын жетекчисинин кызматынан кетип жатам”, - деди Бабанов.
Айта кетсек, кечээ, 13-ноябрда Өмүрбек Бабанов аталган фракциянын лидерлигинен өз каалоосу менен кеткен. Анын чечими фракциянын кезексиз жыйынында каралып, колдоого алынган. 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.