Астротөлгө: 11-апрель күнү төрөлгөн адамдар чечкиндүү, калыс болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

11-апрель күнү төрөлгөн адамдар башка кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр сыяктуу эле өзүнө ишенген, активдүү, сезимтал, чечкиндүү сапаттарга ээ. Алар жашоодо бардык нерсеге активдүү катышат. Айланасында курчаган адамдары көп болгондуктан команда менен иштөөнү жактырышат. Ошондой эле булар чынчыл, калыс болгондуктан жумушунда ар дайым лидер боло алышат.

Кандай кырдаал болсо да бардыгын өз пайдасын эмес, калыстык менен туура чечим чыгарышат. Булар үчүн көңүл буруу, таанымал болуу маанилүү ролду ойнобойт, башкысы алардын алдыга койгон максаты, идеялары ишке ашса жетиштүү. Бул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе камкор болушат. Жакын адамдарына ар дайым жардам берип, көңүлүн көтөрүп турууну жактырышат. Үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан